Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго жергиликтүү жаштар менен Борбордук Азия университетинин студенттеринин ортосундагы жаңжалды мыйзам чегинде иликтенишин тапшырды.
Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага ушундай окуялардын кайталанбашы үчүн окуу жайдын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, жарандардын коопсуздугун сактоону, жаңжал боюнча иликтөөнү жеке көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты.
"Мындай окуялар өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бардык чыр-чатактар мыйзам чегинде каралышы керек", - деди Жээнбеков.
Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чыр-чатактардын алдын алуусу жана жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин кошумчалады.