ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте жыгылганы калган кооптуу даракка "бактан сактангыла!" деп жазып коюшту" дейт окурман
Бишкекте Малдыбаев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жыгылганы калган кооптуу дарактарды кыйып салгандын ордуна "Бактан сактангыла!" деген жазууну илип коюшканын окурман бүгүн, 9-июнда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди..
"Жыгылганы калган даракка жазууну илбей эле, элдин коопсуздугу үчүн кыркып салышса болмок. Качан гана дарак кулап, бирөөнү басып калганда гана ойлонушабы. Бул жазуу №16-оорукананын жанындагы даракта илинип турат. Тегерегинде жаш балдар көп жүрүшөт, илип койгон жазууну алар каяктан окумак эле", - дейт окурман.