Бишкек шаарынын тургуну Анара Сариева курулуш компаниясына турак жай үчүн акчасын төлөп, бирок үйүн ала албай жүргөнүн бүгүн, 9-июндагы маалымат жыйынында билдирди.
"Жолдошум Нарынбек Сариев курулуш компаниясынын башчысы болуп иштейт. Аны менен 15 жылдай чогуу жашап, 2016-жылы ажырашып кеткем. Ортобузда 3 балабыз бар. Тапкан кирешелерибиз бөлүнө элек. Мүлк талашуудан улам ал мени психикалык жактан оорулуу деп чыккан. Мындан улам бейтапканага кайрылууга туура келди. Дарыгерлер оорулуу эмес экенимди тастыктап беришти. Ал балдарыма алимент да төлөп бере элек. Жолдошумдун компаниясынан үй алам деп мен да акчасын төлөп ала албай жүргөндөрдүн катарындамын. Мен 3 батир үчүн 127 миң доллардан ашык каражат төлөгөм", - деди Сариева.
Жабырлануучу күйөөсү экөө 13 жыл бою жарандык никеде жашап, 2012-жылы нике күбөлүгүн алышканы маалым болду.
Анара Сариева учурда 9 айлык кош бойлуу. Ал бейтапканада дарылануу үчүн да каражат таппай, карызы көбөйүп кеткенин айтууда. Мындан сырткары жолдошуна алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө акчасын төлөп, жолдошумдун компаниясынан турак үй ала албай жүргөндөрдүн саны 140 адамга жеткен. Курулушу жүрүп жаткан имарат Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан. Алардын арасынан президентке 60тан ашуун адам кайрылуу жасашкан. Менин наамымдагы унааны алып ордуна жер берем деген болчу. Кийин жерди да башка кишиге сатып жибериптир. Бирок ал мага тынч жол менен мүлктү бөлүп берем деп айтып, убадасын аткарбай жүрөт. Эми мен сотко кайрылууга аргасыз болуп жатам", - дейт Анара Сариева.