“Мамлекеттик кызматта иштегендерди өлкөнүн туристтик аймактарына жылына бир жолу барганга милдеттендирүү керек”, - деп сунуштады бүгүн, 9-июнда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева.
Анын айтымында, Кытайда мамлекет кызматында иштегендер жылына бир жолу өздөрүнүн өлкөсүндөгү туристтик жерлерге барышат. Депутат Кыргыз өлкөсүндө дагы ушундай программа болушу зарыл экенин кошумчалады. Фракция лидери Иса Өмүркулов кызматкерлер мамлекеттин эсебинен барышы керекпи деп сураса, Алтыбаева ар ким өзүнүн эсеби менен барыш керектигин белгиледи.
Мындан тышкары депутат Алтыбаева өкмөттү туристтерди тарта турган өзгөчө нерсени ойлоп табууга чакырды. "Мисалы, Парижде Эйфел мунарасы бар. Бүт дүйнөдөн туристтер ошону көрүү үчүн барышат. Бизге да ушул сыяктуу объект керек", - деди Алтыбаева.
Айта кетсек, КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасындагы туристтик тармактагы абал жана жайкы туристтик сезонго даярдык маселеси талкууланды.