SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз улуту көрсөтүлбөгөн паспорт алууга макулсузбу?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мага улуту көрсөтүлбөгөн жарандык күбөлүктүн кереги жок. Ошондой эле Кыргыз өкмөтүнөн улут көрсөтүлгөн, сапаттуу, коопсуздук белгилери менен корголгон, кайра-кайра алмаштырбай, узак убакытка жарай турган жарандык күбөлүктү (паспортту) талап кылат элем".
"Мен ушул жарандык күбөлүккө улуту жазылбайт дегенине такыр түшүнө алган жокмун. Эмне себептен, эмне үчүн, кимге пайда, кимге зыян? Деги эле ушул маселени кайсы "акылдуу" ойлоп чыкты? Бул нерсе менен эмнени өзгөртө алабыз? Жана бизге башка улуттар кирсе, Кыргызга кандай пайдасы тиет? Эгер террорчулук уюштурулса, кыргыз эмес, башка улуттагылар да кыргыз болуп калат да, туурабы? Кыскасы, ошол жаңы күбөлүктү албайм. Эски, улуту "кыргыз" деген менен эле жүрө берем".
"Эми ушуну ойлоп чыгышыптырбы? Улуту жазылбаган паспорт алууга каршымын. "Урууң ким?" десе, "билбейм" десең, "анда кул экенсиң" деп коюшчу. Эми "улутуң ким?" десе, эмне деп жооп беребиз, ыя? Кыргызмын десең, паспортуңда да көрсөткөнгө далил жок болсо, бул эмне деген шумдук?"
"Бир тараптан улут-улутка бөлүнбөй жакшы болот. Америкалык деген сыяктуу баарыбыз бир улут кыргыз болобуз. Бир жагынан жаман, кээ бир башка улуттун өкүлү чет өлкөдө жаман иш кылса кыргыз деген аты менен бүт элди жаман көрсөтөт. Бирок кыргыздар да баары "аппак" эмес, алардан деле чет өлкөдө улуттун наамын булгап, кылмыш кылгандар толуп жатпайбы. Миң улутун жазып койсоң деле кыргызбы баары бир, бүтүндөй Кыргыз өлкөсүн, элди жаман көрсөтө берет. Себеби Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн, ошол өлкөдө тарбия алган делет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.