1-октябрда Каталония көз карандысыздыгы үчүн референдум өткөргөнү жатат. Бул тууралуу 9-июнда чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Каталониялыктар быйыл күздө Испаниянын курамынан чыгуу үчүн шайлоо өткөрүүнү пландашууда. Бирок Испан өкмөтү референдумду колдой элек. Ага карабастан Каталония президенти Карлес Пучдемон өкмөттүн макулдугусуз эле референдум өткөрө берерин жарыялады.
Буга чейин Каталонияны өлкөнүн курамынан чыгаруу маселесине Испаниянын өкмөт башчысы Мариано Рахой каршылык билдирип, референдум өткөрүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн чектеген. 2016-жылы Каталониянын парламенти референдум өткөрүү боюнча 2 чечим кабыл алган. Бирок ошол эле жылы Испаниянын Конституциялык соту өкмөттүн өтүнүчүн канааттандырып, бул чечимдерди жокко чыгарган.