ЖЫЛНААМА, 10-ИЮНЬ: 2340 жыл мурун улуу грек кол башчысы, Македондук Александр каза болгон

Мындан 2340 жыл мурун, биздин заманга чейинки 323-жылы улуу грек кол башчысы, македондук Александр каза болгон.

Александр Македон падышасы Филипп IIнин уулу. Тубаса шыктуу Александр жаштайынан эле атак-даңкты жакшы көргөн. Аны энесинин туугандары Леонид, Лизимах, ал эми б.з.ч. 343-жылдан атактуу философ Аристотель тарбиялаган. Аристотелдин жетекчилигинде өз заманына ылайык өтө кеңири билим алган.
Биздин заманга чейинки 338-жылы фивалыктардын ыйык аскерин талкалап, мыкты жоокер жана таланттуу аскер башчы болорун көрсөткөн. Б.з.ч. 336-жылы атасы Филипп II өлтүрүлгөндөн кийин 20 жашка толо элек Александр тактыга отурган. Гректерди, Дунай өрөөнүндөгү жана Иллириядагы урууларды баш ийдирип, Персияга каршы согушка камылга көргөн. Биздин заманга чейинки 334-жылы 30 миң жөө, 5 миң атчан аскерлери менен Геллеспонт аркылуу өтүп, Персия сатраптарынын 20 миң жөө, 20 миң атчан аскерлерин талкалайт. Кичи Азиядагы көптөгөн шаарлар жеңүүчүгө согушсуз кошулушкан. Биздин заманга чейинки 333-жылы Киликияны ээлегенден кийин чыгышты көздөй сапарын улантат. Ушул эле жылы Иссанын жанында Александрдын жана Дарий Кодомандын аскерлери беттешет. Александр Дарийдин эки жолку элдешүү үчүн сунуш кылган шарттарын кабыл албай, урушту жеңишке жеткирет. Иссадагы жеңиш түштүктү көздөй жол ачат. Жер Ортолук деңизиндеги персиялыктардын флоту Александрдын колуна өтөт. Палестинаны баш ийдирип Египетке кирет. Александр жергиликтүү элдин үрп-адаттарына, динине урматтоо менен мамиле кылган. Ошондуктан жергиликтүү эл ага ишеним көрсөткөн. Египетте ал Александр шаарын негиздеген.
Биздин заманга чейинки 331-жылы Ливия чөлү аркылуу Зевстин (Юпитердин) Аммон храмына барат. Храмдын дин кызматчылары фараондордун салты боюнча аны «Аммондун уулу» («Күндүн уулу») деп жарыялашат. Андан кийин Дарийге каршы аттанат. Дарий бул мезгилде Ассириядан жаңы аскер топтоого үлгүргөн. Каршылаштардын аскерлери Гангамеллдин жанында кезигишет, персиялыктар жеңилет. Александр түштүктү көздөй жортуулду улантат. Вавилон, Суза жеңүүчүгө дарбазаларын ачып берет. Басып алган аймактарды башкарууга жергиликтүү элден тарткан. Гректерге, македониялыктарга аскердик жана финансылык иштер тапшырылган. Биздин заманга чейинки 333-жылы «Персия дарбазасынын» 40 миң жоокерден турган коргоочуларын талкалап Персеполь шаарына кирген. Персия падышаларынын атактуу сарайын өрттөйт. Биздин заманга чейинки 333-жылы Дарийге каршы согушун улантат. Дарийди ачууланган сатраптар кармап, падышалыктан түшүргөндүгү жөнүндөгү кабар аны ого бетер шаштырат. Анын ордуна Бактрия сатрабы Бесс өзүн Персия падышасы деп жарыялайт. Александр Бессти кармоого, Персия монархиясынын чыгыш жерлерин басып алууга шашылат. Биздин заманга чейинки 329–328-жылдары Согдиана менен Бактрияны ээлейт. Александр Бактрия башкаруучусунун кызы Роксанага үйлөнөт. Яксарт (Сыр-Дарыя) дарыясынан өтүп азыркы Кожент шаарынын жанына Александрия Эсхата (Четки Александрия) шаарын курган. Орто Азиянын көчмөн элдерин баш ийдирүү Александрга кыйла түйшүктүү болгон. Биздин заманга чейинки 327-жылы 12 миң аскери менен Индияга жөнөйт. Инд дарыясынын батыш тарабында жашаган урууларды баш ийдирет. Биздин заманга чейинки 326-жылы Таксиль падышалыгын, Пенжабды ээлеп, Ганг өзөнүнө тереңдеп кирет. Бирок аскерлердин нааразычылыгынан артка кайтууга аргасыз болот.
Биздин заманга чейин 323-жылы Александр Вавилонго келип, мамлекеттин түзүлүшү жана жаңы басып алуу согуштары тууралуу пландарын түзөт. Катуу оорудан кийин 33 жашында Александр каза болот. Досу Птолемей анын сөөгүн алтын табытка салдырып, биздин заманга чейинки 322-жылы Александрия шаарына койдурган.
10-июнга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
futboler
2017-06-10 09:52:31
Искендер Зулкарнайн болот
+2
nur_zhoni
2017-06-11 00:51:32
Александр ||нин денеси тортко болунуп дуйнонун торт бурчуна коюлчу беле
0
tumann.
2017-06-11 00:56:13
Ооба бул Искендер Зулкарнайн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан