Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында 7 жыл мурун орун алган Июнь окуясы эскерилди. Иш-чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Июнь окуяларында каза болгондордун жакындары, шаар тургундары катышышты.
Митинг-реквиемде "Энелердин көз жашы" мемориалдык эстелигине гүл чамбар коюлуп, каза болгондорго багышталып куран окулду.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Топурак-Бел (Санпа) аймагында да 2010-жылы 10-июндагы кандуу окуялардын жети жылдыгын эскерүү болду.
"Кыргыздын мамлекеттүүлүгүн улуттардын ынтымагысыз элестетүү мүмкүн эместигин түшүнүшүбүз керек. Ошону менен гана ар кандай чакырыктарга туруштук бере алабыз. 2010-жылы Июнь окуясында курман болгондордун туугандарына Кыргыз эле терең кайгырып көңүл айтат. Июнь коогалаңы өлкө тарыхында, ар бир жарандын жүрөгүндө кара так бойдон калат", - деди Жээнбеков.