2011-жылы Кыргызстанда 14 миң жарандын пенсиясы көбөйгөн. Бул тууралуу 15-майда ЖКнын жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Мухамедкалый Абылгазиев билдирди. Айтымында, 2011-жылы 20 миңден ашуун пенсия курагындагы адам каза болуп, ал эми 35 миң адам пенсияга чыгышкан. “Пенсияга жаңы чыккандардын 60 пайызы аял кишилер”,- деди ал.