Ливандагы сулуулук сынагына катыша турган Сусанна Егорян: "Буга чейин жеңилүү ызасын тарткан эмесмин, бул сынактан да куру келбейм"

Ливандын борбору Бейрут шаарында өтө турган "World Next Top Model" сулуулук сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 17 жаштагы мектеп окуучусу Сусанна Егорян катышат. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди:

"Бул максатка жетүү мен үчүн көптөгөн эмгекти талап кылды. Учурда көпчүлүгү "эмнеге кыргыз кызы барбайт?" деп нааразы болуп жатыптыр. Аларга айтарым - мен бул өлкөдө туулуп-өскөм жана кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Буга чейин жеңилүү ызасын тартып көргөн эмесмин, бул сынактан да куру кол келбейм", - дейт Егорян.

Сынак ушул жылдын 14-июлунан 5-августка чейин өтөт. Чет өлкөдөгү мындай иш-чарага сулууларды "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы жиберери белгилүү болду.

Сусанна Егорян Бишкекте төрөлүп-өскөн. Азыркы учурда №8-мектептин 11-классынын окуучусу. Буга чейин "Биринчи Вице-Дива Кыргызстан-2016" аталса, "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында "Мисс подиум-2017" наамына татыган.

Белгилүү болгондой, сынакка Кыргыз өлкөсүнөн сырткары Алжир, Англия, Финляндия, Франция, Грузия, Германия, Греция, Венгрия, Италия, Япония жана башка жалпы 42 өлкөнүн сулуулары катышат. Ал эми жеңүүчүгө 5 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жана таажы ыйгарылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
Okna
2017-06-10 15:22:23
Тилине тилим
-4
omurbek1990
2017-06-10 15:50:37
Фигура жинди экен. Ичи ачышкандар туз жалагыла. Сулууну сулуу деш керек. Удачи!!!
+20
roland
2017-06-10 16:08:05
Ох-ох-ох
+7
jbolotov
2017-06-10 16:10:26
Кандай болсода модель кыз экен. Бирок денесин жапкан мусулман кыздарына жетбейт
+9
Ali-han
2017-06-10 16:24:51
Фигурасы зынк экен
+7
Omurbek998
2017-06-10 16:56:10
Чын еле сулуу екен ийгилик
+5
Revolyutsiya2
2017-06-10 17:05:25
Сулууну коргондо ичин шайтан аралап никесиз зынакорлукка даяр жигиттер толтура корунот. Башка убакта мусулманмын деп тош кагат, мындайда адал арам зынаа деген тушунуктор унутулуп калат.
+12
Nurik95
2017-06-10 17:24:03
Эркекче сулуу кыз экен
+3
voennyi88
2017-06-10 17:39:42
Тушумо кирдин кундо сен.
0
Tyty1990
2017-06-10 17:42:21
Сөз жок сулуугунда. Эң сулуу.
+2
Gulim_zamujem
2017-06-10 18:09:07
Трусы кийгендин кайсы жери сулуу?
+1
omurbek1990
2017-06-10 19:45:15
Gulim_zamujem,сен кийбейсинби.
+4
Musabaeva.
2017-06-10 18:25:37
17жашта деп ким айтат
0
Chondobo92
2017-06-10 20:32:29
Чекчейген кыз экен.
0
Achi_01kg
2017-06-10 23:03:35
Ах какая женщина
+2
BekAmir
2017-06-10 23:32:39
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан