2017-жылдын 10-11-июнь күндөрү өлкө аймагында катуу шамал жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул күндөрү республиканын аймактарында күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2017-жылдын 10-15-июндарында абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.