2013-жылдын биринчи кварталындагы жыйынтык боюнча өлкөдө айлык акынын суммасы жогорулаган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2012-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 5 пайызга көп. Акыркы кварталга алынган маалыматка ылайык, 1 адамдын орточо айлык акысы 10619 сомду түзөт.