SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, чынын айткылачы, келечекте айылда жашагыңар келеби же шаардабы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Айылдан ден соолук кетет окшойт. Шаарда чоңоюп, айылга жашаганда ооруй берип тажагам. Башкалар жакшы эле жүрөт, мен эле ооруйм. Акыры бул атайын кылып жатабы деп эч ким ишенбей калган. Ден соолугуңду жоготсоң сен эч ким эмессиң. Негизи шаардыктардын айылга көнүшү кыйын. Айылдагыларга билинбейт. Алар деле шаарга келгенде аябай кыйналат го. Ар ким өзүнүн көнгөн жеринде, шаардыктар шаарда, айылдыктар айылда болгону оң дейм".
"Мага айырмасы жок. Айылда жашасам деле шаарга барып-келип иштей бермекмин. Бирок талаа жумуштары бар жерге түшпөсөм экен, андай иштерге жокмун чындыгында".
"Бул маселе тагдыр мыйзамдарынын эч бир пункттарында каралган эмес экен. "Кыз деген ыргытылган таш" деп бекеринен айтылбаса керек. Шаарбы, айылбы мадайыңа кайсы жер жазылса, ошол жерде отуруп каларың бышык. Кыялдарда гана өз колубуз менен кызыл-тазыл гүл түшүрүп жасап алабыз деңизчи, бирок жогорудагыдай тагдыр мыйзамына туура келбей калары турган кеп. Аялзатын бекеринен чыдамкай дебеген чыгар. Турмуштун ысык-суугуна көнүп, бала үчүн деп кээде өзүбүздү сооротуп жашап келебиз. Мен да элден калышпай түзүк эле кыялданчумун. Кыздар топтолуп шаарга түшсөк деп асмандын жетинчи катмарында учуп жүрүшсө, мен ичи дартым ичимде айылга эле түшүп кол иштерим менен болочок кайненемдин сүймөнчүгүнө ээ болгум келчү. Тиги кыздар шылдыңдашат деп сыртка чыгарчу эмесмин. Бирок бешенеме жазылганы айыл жерине түшсөм деле турмуш жолубуз шаардан башталып, шаардан уланып келе жатат. Ошондуктан кыялдар да кээде тетири чыгып калышы мүмкүн".
"Мен да айылда жашасам, очокко чай кайнатып, тамак жасасам, уй саап, таң атпай короо шыпырсам, эшиктин алдына түрлөп гүл өстүрүп бакчага айлантсам, жолдошум менен талаада кетмен чапсам, үй канаттууларын баксам дечүмүн. Бирок бул кыялдарым орундалбай калды. Мен кыялданган айылдагы жашоо кыялымда кала берди. Менин маңдайыма шаардагы ызы-чуу, мээ кайнаткан ысыктык курчаган жашоо жазылган экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.