Шарият мыйзамдарын жайылтууга каршы митинг АКШнын 20га жакын шаарларында кечээ, 11-июнда өттү. Чет элдик маалымат каражаттарында жазылгандай, митингди ACT for America деп аталган коммерциялык эмес уюм уюштурган. Аталган уюм шарият мыйзамдарын батыш демократиясы менен айкалыштыруу мүмкүн эмес деген пикирди карманат. Ошол эле учурда аталган митингге каршы акция уюштурулуп, анын катышуучулары бул иш-аракеттер исламды негизсиз бурмалоо деген оюн айтышкан.
Каршылаш митингчилер арасында пикир келишпестиктер орун алып, полиция көздөн жаш чыгаруучу газды колдонуп, айрым демонстранттарды кармап кеткен.