Бишкекте биринчи жолу 23-25-май күндөрү бильярддын снукер түрү боюнча ачык чемпиондук өтөт. Иш-чара "Вефа кубогу" деп аталып, анда Кыргызстан, Казакстан, Иран, Сирия, Пакистан жана Ооганстандын спортчулары күч сынашмакчы. Мелдеш Снукер федерациясынын жардамы менен уюштурулуп жатат. Өлкөнүн атынан 7 спортчу мелдешке катышуу үчүн даярдык көрүшүүдө. Алардын ичинде Орусиянын бильярд боюнча Кубоктук мелдешинде күмүш медаль алган Кубанычбек Сагындыков дагы бар.