Караколдо спорт мектебинин машыктыруучусун сабагандардын бири мурда Каракол шаардык кеңешинде "Улуу Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Максат Касенов экени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
"Окуядан кийин дароо эле шектелип, 2 адам кармалган, алардын бири Максат Касенов болчу. Аларга 48 сааттан кийин 9-июнда Каракол шаардык сотунун чечими чыгып 2 айга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт Сталбек Усубакунов.
Ал эми жабырлануучу Акысбек Өмүрбековдун абалы учурда турукташып калганын дарыгери кабарлады.
"Жакшы болуп калды, жандандыруу бөлүмүнөн которулган. Учурда абалы туруктуу", - дейт Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Рысбек Жусупов.
Эскерте кетсек, 7-июнда Каракол шаарындагы "Алга" спорт мектебинин машыктыруучусу Акысбек Өмүрбеков катуу сабалып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.