Ош облусуна караштуу Ноокат районунда ит тиштеп бейтапканага жаткырылган 3 адамдын абалы жакшырып, үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда SUPER.KG порталына Ноокат райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Эртабылды Көккөзов билдирди.
"Ит тиштеп бейтапканага жаткырылып, дарыланып жаткан 3 адам үйүнө чыгарылды. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алар ит тиштеген күндөн тартып эсептелген 1-3-7-күндөрдөгү дарылануусунан өтүштү. Алдыда дагы 14-30-90-күндөрдөгү дарылануу турат. Аны убактысы келгенде алып турушат. Жабыркагандардан кутурманын вирусу табылган эмес", - деп билдирди Көккөзов.
Эске салсак, 3-июнда Ноокат районунун Бел айыл аймагында 6 адамды ит тиштеген окуя катталган.