Франциядагы парламенттик шайлоодо президенттин кыймылы алдыга чыкты

Францияда 11-июнда өткөн парламенттик шайлоодо өлкө башчысы Эммануэл Макрондун кыймылы "Алга, республика" добуштардын жыйынтыгында алдыга чыкты. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, "Алга, республика" 28,21 пайыз, республикачылдар 15,77 пайыз, “Улуттук фронт” 13,20 пайыз добушка ээ болду. Улуттук ассамблеяга шайлоо эки турдан тургандыктан ага минималдык түрдө 12,5 пайыздан ашык добуш алгандар гана өтөт. 2-тур 18-июнга белгиленди.

Айрым маалыматтарга таянсак, добуш берүүгө шайлоочулардын 48,71 пайызы гана катышып, Франциянын тарыхында эң төмөнкү добуш берүү болуп калды. Эммануэл Макрон ушул жылдын 7-майында президент болуп шайланып, өз кызматына 14-майда расмий киришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан