Жер көчкү түшүп 1 айдан бери жабык турган Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолу ачылды

Өзгөндө жер көчкү түшүп 1 айдан бери жабык турган Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Бегайым Канатбек кызы билдирди. Анын айтуусуна караганда, Мырзаке-Кара-Шоро жолунун 47-чакырымдагы көчкүдөн улам жабык турган жол 10-июнь күнү бир тараптуу каттоого ачылган.

"Учурда көчкү түшкөн жолдо 3 экскаватор, 2 жүктөгүч, 4 автосамосвал, 1 автогрейдер иштөөдө. Мындан тышкары 10 жүк ташыган унаа жээкти бекемдөөгө керектеле турган таштарды ташып жатат. Жол толук калыбына келмейинче жумуш уланат жана жер көчкүнү алдына алуу үчүн тосмо курулат", - дейт Бегайым Канатбек кызы.

Эскерте кетсек, буга чейин "ЭЛДИК КАБАРга" окурман аталган жолдун сүрөтүн жөнөтүп "жол жабылып, дарыяга мал түшүп кетип жатат. 1 айдан бери жолду тазалаган эч ким жокпу" деген суроо салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Yktyjar
2017-06-12 11:34:44
Ооо тез эле бир айда ачып койупсунарго азаматсынар эки айда ачсанар болмок
-2
Tyty1990
2017-06-12 12:52:39
Кеттик кара шорого
0
Kurstan_CR7
2017-06-12 13:33:09
Акыры ачылыптырда...


0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан