Ошто сүттү кайра иштетүүчү завод ачылып, 40 жаран жумуш менен камсыз болду

Ош шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод ачылып, 40 жаран жумуш менен камсыздалды. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, кечээ, 11-июнда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында заводдун ачылышына катышты. Жээнбеков мындай заводдордун ачылышы ички миграциянын азайышына өбөлгө түзөрүн айтты.

"Завод күнү-түнү жергиликтүү элден сүт алып, аны кайра иштетип, сыр, май, кургак сүт жана башка сүт азыктарды чыгарат. Анын курулушу Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына толук жооп берип, чыккан продукцияларды Орусия, Казакстанга экспорттоо пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, өкмөт башчы жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдарды ишканага максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле ал айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлордон ири суммадагы каражат сарпталып жатканын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurik-95
2017-06-12 12:34:47
Эн сонун болуптур суйунучтуу кабар болсо дагы бар экен а шугур!
+3
toktor89
2017-06-12 12:47:49
МаШаАллах, кааларым ийгилик сут заводуна
+4
meniuk
2017-06-12 13:08:51
мына жакшы кабар жакшы жылыщ
+1
Zinazima
2017-06-12 13:50:40
Кобойо берсин жакшы жанылыктар
+1
azamat1978
2017-06-12 14:21:26
Оштун кай жеринде ачылды
0
meniuk
2017-06-12 14:36:44
Админ жанагы подгузник чыгарган жеке ишкер уйбулонун иши жонундода маалымат берип койсонор жакшы болмок
0
admin_portal
2017-06-12 15:40:04
meniuk, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
mirkaa5182
2017-06-12 15:04:15
Завод,фабрика көбөйө берсин мамлекет, элибиз байый берсин.
0
Alixan-Nookat.2015
2017-06-12 18:31:43
Кудайга шүгүр жакшы ушундай заводдор көбөйүп элге жумуш орундары көбөйө берсин премьер министр сыналгыдагы жанылыктарда айткандай чет элдик ишкерлерге кызыл свет эмес көк свет болсун дейтго менин ойумча жашыл свет болуш керек го дейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан