“20 мамлекеттик ишкананын жетекчилери 6 айда иштин кемчиликтерин жойбосо, аларды кызматтан кетирүү маселеси каралат”, - деп билдирди бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков.
Анын айтымында, аталган фонд бир канча мамлекеттик ишканалардын башчыларына сөгүш жарыялоону сунуштаган. Анткени алар ишине кайдыгер мамиле жасаган. Ошондой эле ал ишканалар бюджетке толук кандуу пайда алып келбей жатканын белгиледи. Казаков бул жаатты реформалоо керек экенин айтып, “Улуттук холдинг” ачык акционердик коомун түзүү сунушу өкмөттүн аппартында каралып жатканын билдирди. Жалпысынан алганда өлкө боюнча 1130 мамлекеттик ишкана бар.
Учурда депутаттар мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик мүлктү башкарууда жүргүзүп жаткан өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматын угуп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин бир катар мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси тарабынан тапшырмаларды так аткаруу боюнча эскертүү берилген.