Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн быйыл 28 миллиондон ашык каражат түштү

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 2017-жылдын 1-июнуна чейин 28 миллион 200 миң сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча 1200 макулдашуу түзүлгөн. Жыйында мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик мүлктү башкарууда жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу маалымат угулду. Анда депутаттар мамлекетке пайда алып келбеген ишкананын жетекчилерин кызматтан кетирүү маселесин кароо чечимин кабыл алды. Мындан тышкары аталган фонд 9 ай сайын отчёт берүү керек экенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан