"Айыл банктын" Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Шамалды-Сай шаарындагы банкоматы иштебей жатканын окурман бүгүн, 12-июнда кабарлады.
"Айыл банктын" Шамалды-Сай шаарындагы банкоматы ай сайын пенсия берилүүчү күндөрү иштебей калат. Пенсия алуучулар улгайган адамдар болгондуктан көпкө күтүп кыйналышат. Орозо айында көптөгөн апаларга ыңгайсыздык жаралып жатат. Алардын бири банкоматтын иштешин күтүп отуруп кусуп, кыйналды. Эмнеге "Айыл банк" ААКсы аймактардагы банкоматтарына көңүл бурбайт? Бул элдин кыжырын келтирүүдө", - деп билдирет окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.