Ош аэропортунун кызматкерлери митингге чыгышты

Бүгүн, 15-майда Ош аэропортунда учак жүргүнчүлөрүн тамак менен камсыз кылуучу "АККА кейтринг" ишканасынын ондогон кызматкерлери жана алардын жакын туугандары митингге чыгышты. Алардын айтуусунда, аэропорт жетекчилери ашкананын жолун тосуп, ишканага кысым көрсөтүп жатышат.

Ал эми аэропорттун жетекчилиги тосулган жер аэропорттун карамагындагы жер экенин жана жол толугу менен тосулбаганын айтышты. Ашканага кирип чыгуу үчүн жол калтырышкан. Бирок коюлган тосмонун 3 метрге жакын бөлүгү бүгүн алынып ташталды. Митингге чыккандар тарап, абал тынч. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан