ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Базар-Коргон районунун борборундагы базардын ичи мышык ыйлай турган абалда"

"Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун борборундагы базардын ичи мышык ыйлай турган абалга келди", - деп билдирди окурман бүгүн, 13-июнда.

Ал билдиргендей, базардын ичи таштандылардан тазаланбай жатат.

"Таштандынын ичинде эмне гана жок. Малдын баштарынан бери жатат, күн ысыкта ал жыттанып, курттап кеткен. Бул жерден 15 метр аралыкта тамактануучу жайлар жайгашкан. Базардын тазалыгын көзөмөлдөгөн бир да кызмат жок", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sardarakam
2017-06-13 10:52:31
Базар коргон пайда болгондон беери ушундай элего мышык ыйлайт дейсиңер мышык эмес эле чычкандар ыйлап жүрүп каачан эле көнүп калыштыго
+3
zhykyo
2017-06-13 11:11:58
Чычкандар жаман чон болуш керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан