Бүгүн, 12-июнда белгилүү ырчы Анжелика Бекболиева 28-туулган күнүн белгилөөдө. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда ыраазычылыгын билдирип, бул күн шаӊдуу башталганын айтты.
"Алгач эле апамды куттуктадым. Түнкү саат 12:00дө досторум үйгө кирип келип куттукташты", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, Анжелика Бекболиева 1989-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1-5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернаттан кыл кыяк боюнча билим алган. 11-классты борбодогу №38-орто мектебинде аяктаган. 2007-2013-жылдары КГУСТАнын Жаңы маалымат технологиялар институтунун экономика бөлүмүн аяктаган.
12-июндун жылнаамасы.