Шайлоо-2017: Жээнбеков кечигип старт алды

SUPER.KG порталында быйыл өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоо уланууда. Кимдер алдыда? Президент болом дегендердин арасынан кимдер элдин колдоосуна ээ боло албай жатышат? Соӊку эки апталык айлампанын жыйынтыгына көз салабыз.

Жарышка катышарын айта электигинен улам 2 апта мурда Чубак Жалилов жана шайлоого талапкер катары чыкпайм деген Сапар Исаков талапкерлердин тизмесинен алынган. Андыктан алдынкы бештикте өзгөрүүлөр болду. Мисалы, бул айлампада Адахан Мадумаров алдыга чыкты. Өлкөнүн сыртында, ичинде да жолугушууларды активдүү өткөрүп, өлкөнү өнүктүрүү пландары менен бөлүшүп жаткан саясатчыга ишеним арткандар байкаларлык өстү. Чубак Жалиловду президент катары көргүсү келгендердин кайсы бир бөлүгү адеп, ыйман, напси, пайгамбарлар тууралуу кызыктуу баян курганды жактырган "Бүтүн Кыргызстандын" лидерине ооп кеткен өңдүү.

КСДПдан баштапкы айтылып жаткан Сапар Исаков, Чыныбай Турсунбеков жана башкалар эмес, Сооронбай Жээнбековдун талапкер болуп чыгары "Республика-Ата Журттун" Өмүрбек Бабановдун пайдасына иштеди. 2 апта мурун сурамжылоодо 5-орунду ээлеген Бабанов дароо 2-орунга көтөрүлдү. Рейтинги бирде түшүп, бирде көтөрүлүп жаткан Садыр Жапаров бул ирет 3-орунду алса, төртүнчү орунду КСДПнын атынан талапкер болору жарыяланган Сооронбай Жээнбеков ээледи. Жээнбеков буга чейин "жетиштүү добуш топтой албады, окурмандардын колдоосуна ээ болгон жок" деп тизмеден алынган эле. Бул ирет дароо 4-орунга чыгышы ага карата окурмандардын пикири өзгөргөнүнөн кабар берет. Балким, президенттик команданын өкүлү Сапар Исаковду колдогондор алыс кетпей Жээнбековду тандоону туура көрүштү. Шайлоо алдындагы үгүт ишин эртелеп баштап, тегерек стол, конференция өӊдүү иш-чараларга активдүү катышып жаткан Темир Сариевге окурмандар ишенип-ишенбей турушат.

2 аптанын жыйынтыгындагы рейтинги камакта отурган Өмүрбек Текебаев менен дээрлик бир деӊгээлде турат. Ал эми президенттик жарышка катышарын жарыялап, бирок үгүт иштерине активдүү кирише элек Бакыт Төрөбаев тизменин акыркы орунун ээледи. Белгилүү болгондой, Текебаев жана Жапаровго козголгон кылмыш иштери боюнча сот отурумдары башталды. Экөө теӊ сот процессинин ачык болушун, элге түз көрсөтүлүшүн талап кылып жатышат. Сот отурумдары ачык болсо, аталган эки саясатчыга темир тор арты деле үгүт аянтчасына айланмак. Бирок процессти фото жана видеого тартууга, түз эфирде көрсөтүүгө соттор уруксат бербей жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан