Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге Орусиянын күнү мамлекеттик майрамына байланыштуу куттуктоо жолдоду. Куттуктоодо Орусия өткөн жылдардын аралыгында демократиялык кайра түзүүлөрдүн жана экономикалык реформалардын жолунда, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө абдан олуттуу натыйжаларга жетишип, эл аралык аренада Орусиянын кадыр-баркы өскөндүгү белгиленет.
“Орусия Федерациясынын өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу жана өнүктүрүүдөгү зор салымын канааттануу менен белгилейбиз. Өз ара пайдалуу кыргыз-орусиялык кызматташуу мындан ары дагы элдерибиздин жыргалчылыгына багытталып, ырааттуу өнүгө берет деп ишенем”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Атамбаев Путинге чың ден соолук, эсенчилик жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Орусия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.