"Онкологиялык оорулар менен жабыркагандар жеке менчик бейтапканалардан дарыланганы туура эмес", - деп билдирди 12-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде КСДП фракциясынан депутат Евгения Строкова.
Ал билдиргендей, мыйзамга ылайык онкологиялык, кургак учук менен жабыркагандар мамлекеттик ооруканалардан дарыланышы керек. “Аларды көзөмөлдөп туруу зарыл. Ошондуктан рак менен ооругандарга онкологдор эмес хирургдардын операция жасашына тыюу салуу керек. Азыркы учурда жарандар Улуттук онкология борборунда операция жасоо кымбат болсо, башка ооруканаларга кайрылышат. Арзан болгону менен бирок туура эмес операция жасап салышы мүмкүн”, - деди ал.
Комитеттин жыйынында "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.