Бишкек шаарындагы жол чырак иштебей калган кесилиште жаанда суу болгонуна карабай жол кыймылын жөнгө салган Патрулдук милициянын кызматкери Азимбек Асанов Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.
Бул туурасында бүгүн, 12-июнда Асанов SUPER.KG порталына кабарлады.
“Бүгүн эртең менен өздүк курамдын алдында, Бишкек ШИИББинин жана шаардык Патрулдук милициянын атынан Ардак грамота менен сыйландым. Ал жерде бир гана мен сыйлык алган жокмун, менден башка да кызматына жоопкерчилик менен мамиле кылгандарга сыйлык тапшырылды. Алган сыйлыгым мага мындан ары да кызматыма берилгендикти, чоң жоопкерчиликти пайда кылат”, - деди Асанов.
Эскерте кетсек, өткөн жумада катуу жаан жаап, шаардын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүп калгандыктан жол чырактар иштебей калган. Жука көйнөкчөн Патрулдук милициянын кызматкеринин жолдо тыгын пайда болбошу үчүн жаанга карабастан кыймылды жөнгө салып иштеп жатканы тартылып алынган видео интернетте кызуу талкууну жараткан.
Буга чейин маалымдалгандай, Азимбек Асанов жаан жаап жаткан учурда 40 мүнөттөй жол кыймылын жөнгө салган. Кийимдеринин баары суу болгондуктан иниси үйүнөн алып келген кийимдерди кийип, кайрадан ошол күнкү кызматын уланткан.