Дүйнөдөгү эң чоң гүлдү сактап калуу аракеттери ийгиликсиз бойдон калууда

Раффлезия Арнольда аталган дүйнөдөгү эң чоң гүлдүн жалбырагы, сабагы, тамыры да болбойт. Ал гүл ачканда диаметри 1 метрге жетип, орточо салмагы 8 килограммды түзөт. Малайзиянын жунгли токойлорунда өсөт. Бир топ өзгөчөлүктөргө ээ болгон гүл жылына бир жолу 3 күндөн 7 күнгө чейин гана гүл ачат. Алгач жер алдында капуста сыяктуу түйүлүп, гүл ачылган соң өзүнөн жаман болуп кеткен эттин жытындай жыт бөлүп турат.

Раффлезия Арнольда гүлүнүн сейрек кездешүүсүн окумуштуулар кыска аралыкта гана гүлдөп бүткөнүнө байланыштырат. Бул гүл жалгыз бири-биринен алыс аралыкта өскөндүктөн кыска убакта жабылып ийгиликтүү чаңдашуу болбойт. Буга чейин экологдор гүлдөрдү жок болуп бараткан өсүмдүктөрдүн катарына киргизип, көбөйтүүгө далай аракет жасашкан.

Раффлезия Арнольданы башка аймактарда өстүрүү, жасалма жол менен өмүр берүү боюнча бир да окумуштуунун эмгеги азырынча оңунан чыга элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdusamat.kg
2017-06-12 19:53:49
Адамдардын өмүрүн сактагыла
0
Seryi-Kardinal
2017-06-12 20:19:27
Чүпүрөктөн жасап койгондой го
+5
lilya8
2017-06-12 22:13:32
Эмнегедир сурдуу гул экен
+4
TalaCSKA
2017-06-12 22:30:21
Бул гулдон сасыган эттин жыты чыгат экен эми кобойтуп узаак омур бергенден кийин элестеткиле какым гулдой болуп жайнап айлана тегерек ошол гул жыттанып жатканын )))
0
Kg.arts.
2017-06-12 23:07:18
Булар кандай болбосун сактап, кобойтуу учун аракет кылышат а биздин кээ бирлерибиз тамыры менен жулуп алып селфи кылышат.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан