Алмазбек Атамбаев Кыргыздагы шайлоо системин мактады

Биометрикалык систем Кыргыз жеринде шайлоолорго элдин ишенимин арттырды. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 12-июнда Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолугушууда айтты. Өлкө жетекчиси Кыргыз жеринде шайлоолор ачык-айкын, таза өтүп жатат деген пикирде. Уюмдун башкы катчысына алдыдагы президенттик шайлоо да биометрикалык маалыматтардын негизинде, заманбап технологияларды колдонуу менен өтөрүн жетишкендик катары баяндады Атамбаев.

Ламберто Занньердин билдиришинче, 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү президенттик шайлоого карата ЕККУ байкоочуларын жөнөтөт. Президенттик аппарат маалымдагандай, ЕККУнун Баш катчысы “Таза коом” долбооруна жакшы пикирин билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргыз жериндеги соӊку шайлоолор биометрикалык базанын негизинде, добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды колдонуу менен өтүүдө. Коомчулукта бул системге ишенбегендер, биометрикалык маалымат боюнча добуш берүү жарандардын эркиндиктерин чектеп жатат дегендер да бар. Шайлоолорго элдин ишеними өстү деген да талаштуу пикир.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан