Чехиянын биринчи айымы жана орусиялык алып баруучу Лера Кудрявцева Наиль Байкучуковдун колунан чыккан көйнөктөрдү кийип, эл алдына чыгышты

Чехиянын биринчи айымы Ивана Земанова жана орусиялык белгилүү алып баруучу Лера Кудрявцева кыргыз-казак жылдыздарын кийинткен дизайнер Наиль Байкучуковдун колунан чыккан көйнөктөрдү кийип, эл алдына чыгышты. Бул тууралуу дизайнер өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.

Өткөн жумада Москвада болуп өткөн "Муз ТВ" сыйлык тапшыруу аземине кийип чыккан көйнөгү тууралуу Лера Кудрявцева: "Бүгүн мен керемет дизайнер Наиль жараткан сонун көйнөк кийип турам. Сага рахмат, бул көйнөктү сүйүп калдым", - деп жазган.

Ал эми Чехиянын биринчи айымы Астана шаарында өтүп жаткан "ЭКСПО" көргөзмөсүнө Байкучуковдун көйнөгүн кийип келген.

Белгилей кетсек, өткөн жылы орусиялык ырчы Анна Седокова да Наиль Байкучуковдун колунан кийинген. Салтанаттуу аземдерге белгилүү чыгармачыл инсандарды кийинткени тууралуу дизайнер "Супер-Инфо" гезитине курган маегинде: "Казактын чыгармачыл инсандарынан Роза Рымбаева, Баян Есентаева, Мадина Садвакасова, Жанар Дугалова жана "Кешью", "FM" (мурунку "Текила") тобунун кыздары биздин туруктуу кардарлардын катарын толукташат. А кыргыз сахнасынан дээрлик бардык айымдарын кийинтип чыктым окшойт" деп айтканы бар.

Дизайнер убактысынын көбүн Кыргыз өлкөсүндө өткөрөрүн кошумчалаган:

"Менин бардык тигүүчү жайларым Кыргыз өлкөсүндө. Бишкекте "Naiyl Baikuchukov" брендинин толук кандуу мода үйү жайгашкан. Ал жерде эӊ көп жумушчулар иштейт, кошумча дүкөнүбүз бар. Анын үстүнө бардык кездемелерибиз Бишкекте сакталат. Башка шаарларда дүкөндөр гана бар. Көпчүлүк убактым Бишкектеги жумуш ордумда өтөт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2017-06-13 10:39:10
Азамат, биздин биринчи айымга да 1ди жонот
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан