15-майда парламентте ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин сунушу боюнча орусиялык саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновскийдин Кыргызстан тууралуу жосунсуз билдирүүсү боюнча маселе каралды. Жыйында Жириновскийдин орунсуз билдирүүсүнө карата тиешелүү чараларды көрүү менен, Мамлекеттик Думага кайрылуу жөнөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Депутат Жылдыз Жолдошова Жириновскийди нон-грат (дипломатиялык маселелер боюнча кайсы бир өлкөгө кирүү укугунан ажыратылган адам) адам деп жарыялоону сунуш кылды.
“Орусиянын Мамдумасына эч кандай доомат жок, доомат Кыргызстанды басмырлоого жол берген жеке Владимир Жириновскийге болуп жатат. Ал катардагы жөнөкөй жаран эмес, Мамдуманын депутаты, фракциянын лидери. Мындай шартта Жириновский Мамдуманын бийик трибунасынан ойго келгис сөздөрдү айтканга укугу жок”,- дейт ал. Соңунда аталган сунуш боюнча бир катар депутаттардын пикирлери эске алынып, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Эске сала кетсек, кечээ жакында Жириновский “Орусия Кыргызстандын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан болчу.