"Forbes" басылмасы атактуулардын миллиондорун эсептөөнү улантууда. Бул жолу басылма жыл сайын аныктоочу эң көп каражат тапкан атактуулардын тизмесин жарыялады. Көпчүлүктү таң калтырып, бул ирет 1-орунду 130 миллион доллар кирешеси менен америкалык ырчы Шон Комбс (лакап аты Пафф Дэдди) багындырды. Анын 70 миллион доллары ырчынын фирмалык кийимдерин сатуудан түшсө, калган бөлүгү алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоо жана концерттик билеттерди сатуудан түшкөн.
Ал эми 2-орунга ырчы Бейонсе 105 миллион долларлык кирешеси менен ээ болсо, 3-орунга "Гарри Поттер" бестселлеринин автору Жоан Роулинг 1 жылда 95 миллион каражат тапкандыгы үчүн илинген. Мындан сырткары ырчы Дрейк 94 миллион доллар менен 4-орунду жана футболчу Криштиану Роналду 93 миллион доллар менен 5-орунду багындырышкан.
"Forbes" дүйнөлүк атактуулардын жылдык кирешесин аныктоочу ири журнал.
Белгилей кетсек, өткөн жылы эӊ көп киреше тапкандардын сап башында ырчылар Тейлор Свифт, Адель, Мадонна, Рианна, Бейонсе турган.