Маданият министрлиги Ысык-Көлдөн пансионаттуу болду
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы "Витязь" пансионаты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өттү. Тиешелүү токтомго бүгүн, 13-июнда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, буга чейин министрликтин кызматкерлерин акысыз медициналык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн дарылануу-профилактикалык мекемеси жок болгондуктан ушундай чечим кабыл алынган. Пансионат 7 жыл мурун жеке тараптан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүлгөн. "Витязь" 278 адамга ылайыкташтырылган.