Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрүнө аскердик чин жана диплом тапшыруу аземине даярдык көрүлүүдө.
Бишкек шаарындагы эски аянтта курсанттар атайын аскердик жүрүштөр менен желекти бийик көтөрүп диплом алуу салтанатына даярданууда. Жоокерлерге жогорку билимин тастыктаган диплом менен бирге лейтенант аскердик чини 17-июнь күнү тапшырылат. Салтанатка Кыргыз Республикасынын өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Аталган аскердик окуу жайдын маалымат катчысынын билдирүүсүнө ылайык, бул жылы окуу жайды 71 курсант аяктады.