Жалал-Абад облустук Патрулдук милициясына жаңы кызматтык 10 автоунаа берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдалды.
"Ички иштер министрлиги тарабынан 10 даана "Рено Логан" үлгүсүндөгү атайын кызматтык автоунаалар Жалал-Абад облусу боюнча Патрулдук милиция кызматкерлерине тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Унааларды тапшыруу аземине Кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катышты. Берилген автоунаалар ОИИБинин район, шаарларындагы Патрулдук милиция бөлүмдөрүнө таратылат.
Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында Патрулдук милиция "Рено Логан" үлгүсүндөгү 65 унаа сатып алган. Ошол эле учурда Башкы прокуратура бул ишке байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамды бузуу менен тендердин талаптарына жооп бербеген коммерциялык уюмду жеңүүчү деп таап, андан соң 65 жеңил автоунааны сатып алуу боюнча келишимди бекиткен. Мындан улам бюджеттен 25,7 миллион сом мыйзамсыз жумшалганы аныкталган. Учурда бул иш Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кароосунда.