Бала төрөлгөндө сүйүнчү пул берүүгө багытталган мыйзам долбоору кабыл алынса коррупция жоюлат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда КСДП фракциясынан депутат Айнура Осмонова билдирди.
“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоорунда жазылгандай, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилет. Ошондой эле 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилет.
Демилгечилердин айтымында, мурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн автоунаасы, малы, муздаткычы барбы деп текшерилип келген. Эгер аталган мыйзам долбоору ишке ашса, үй-бүлөнүн кирешеси эсепке алынбай туруп бардык балдар үчүн жөлөк пул төлөнөт.
“Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары айына 800 сом алышат. Кыргыз мамлекетинде жөлөк пул 90 миңге жакын үй-бүлөгө берилет. Жалпы 279 миң бала үчүн жөлөк пул төлөнөт. Ошону менен катар эле жөлөк пул алуу үчүн топтой турган документтердин саны азаят. Бул үчүн ата-эненин паспорту менен күбөлүгү гана талап кылынат. 2020-жылдан баштап электрондук жол менен арыз бергенге мүмкүнчүлүк болот”, - деди ал.
Аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн 7 миллиард 965 миллион сом керектеле турганын кошумчалады.