ЖЫЛНААМА, 13-ИЮНЬ: Чингачгуктун образы аркылуу таанымал югославиялык актёр, режиссёр жана каскадёр Гойко Митич 77 жашка толду

Чингачгуктун образын мыкты аткарган югославиялык актёр, режиссёр жана каскадёр Гойко Митич Югославиянын Лесковац кыштагында туулган. Белграддагы дене тарбия академиясын бүтүргөн.

1960-жылдары "Дефа" аттуу немис студиясы индейлер тууралуу кино тартууну баштайт. Бул тема буга чейин ачыла элек болгондуктан өзгөчө кызыгуу жаратып, ошол кездерде индеомания дүйнөнү каптап турган. Анда югославиялык Гойко студент болгон. Югославияда индейлер тууралуу тасмага дублёр керек экенин уккан студенттер аз да болсо акча таап алуу үчүн кино тартуучу топко келишет. Гойконун ат үстүндөгү трюктары киночуларды таң калтырат. Алар бул жигит кыйын каскадёр гана эмес, жүзү экранга төп келгендей келишимдүү экенин да байкашат. Америкалык режиссёр Конуэл Уайльд бул учурда аталган өлкөдө "Ланселоттун кылычы" аттуу фильм тартууну көздөп жүргөн. Өзү башкы ролду аткарып, Митичти дублёр кылат. Бул чоң ишенимдин белгиси болгон.
1964-жылы режиссёр Йозеф Махаттунун чакыруусу менен Гойко "Чоң аюунун балдары" аттуу индейлер тууралуу тасмада башкы ролду ойногон. Андан соң "Чингачгук – чоң жылан", "Ак карышкыр" тасмалары тартылат. Өткөн кылымдын 1960-жылдарынан 1970-жылдарына чейинки 10 жылдыктын ичинде индеомания өкүм сүрүп, Гойко Митич катары менен 15 фильмге тартылган.

13-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан