Токмок шаарына жакын жайгашкан Покровка айылындагы Школьная көчөсүндөгү таштандылар чачылып, жыттанып эл үчүн ыңгайсыз жана кооптуу абал жаралууда. Мындай кабар менен бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталынын окурманы бөлүштү.
Окурмандын айтымында, бул жерге ташталган таштандынын четтери тосулган эмес, көчөдө бөтөлкө, пайдаланылган жалаяк, целлофан пакеттер чачылып жатат. Таштанды 1 айда бир эле жолу чыгарылат.
"Чүй айыл өкмөтүнө карайбыз. Айыл өкмөттөн келип көрүп кетишкен. Бирок маселе чечилбей келет. Таштандыга өлгөн койлорду да ыргытышкан экен, жыттанып жаман абал пайда болду. Жаш балдарыбыз таштандыга аралашып эле ойноп, жашап жатабыз. Жугуштуу оорулар пайда болобу деп кооптонобуз. Бул маселе качан чечилет?" - деп суроо салат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.