Бишкекте эки күн мурун үйүнөн чыгып кеткен 17 жашар бала изделүүдө

Бишкек шаарында 2000-жылы туулган Азамат Ризакулов аттуу жигит эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бүгүн, 13-июнда SUPER.KG'ге Свердлов РИИБинен билдиришкендей, Ризакулов Келечек жаңы конушундагы үйүнөн 11-июнь күнү саат 08:00 чамасында Аламүдүн базарына кетип, кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, салмагы 65-70 килограмм, чачы кара. Жайкы кийимдерди кийип жүргөн.

Эгерде көргөн-билгендер болсо, Свердлов РИИБинин 0312 43-32-75, 0550 10-28-72, 0551 10-28-05 номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
udacha.kg
2017-06-13 12:47:16
Кайтып кел уйуно колун которуп кулуп турганын мунун
-6
akzuura
2017-06-13 13:18:06
Эмгеле жоголоуу коп болуп жатат?Издетпей эле жакындарыбыз жанында болоолучу.
Эсен аман келсин уйуно оомин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан