Бишкекте Ош шаарындагы Бабур атындагы музыкалык өзбек театрынын артисттери "Айкөл Манас" спектаклин сахналаштырды (фото)

Бүгүн, 13-июнда Бишкекте Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында республикалык театралдык 9-фестивалга карата Ош шаарындагы Бабур атындагы музыкалык өзбек театрынын артисттери "Айкөл Манас" спектаклин коюшту.

Бабур атындагы музыкалык өзбек театрынын директору Набиджан Мамаджанов маданий иш-чара тууралуу буларды билдирди:

"Фестивалга карата кызуу даярдыкта келдик. Бул үчүн Кыргыз эл акыны, жазуучу, драматург Жалил Садыковдун "Айкөл Манас" спектаклин даярдап келдик. Бүгүн көрүүчүлөргө өзбек тилинде спектаклдеги эпизоддорду аткарабыз. Мында "Манас" эпосунун Көкөтөйдүн ашындагы окуялар чагылдырылат", - дейт.

Спектаклдин жүрүшүндө Көкөтөйдүн өлгөнүнө Манас баатырдын чакырылбай калышы жана анын ашындагы калмактардын чыр салышы, ошондой эле маараке учурунда Кошой менен Жолойдун күрөшү туурасында сахналык көрүнүштөр орун алды.

Көрүүчүлөр чыгарманы жылуу кабыл алышып, соӊунда дүркүрөтө кол чабышты. Бирок спектаклди көрүү үчүн келгендердин саны аз болуп, 70 кишиден ашкан жок.

"Манас" эпосундагы жоокер урушу
"Манас" эпосундагы Көкөтөйдүн ашы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nargiza1987k
2017-06-13 14:41:15
Жакшыы
-1
Nargiza1987k
2017-06-13 14:43:36
Озбекче болсо кичине кулкум келди
-1
AzKumFerDan
2017-06-13 17:58:41
Тим эле койбоптурда ушунусун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан