Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы мамлекеттин менчигинде турган "Асыл" ден соолукту чыңдоочу комплекси Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Мындай чечим билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.
Билим берүү жана илим министрлигинен SUPER.KG'ге билдиришкендей, анда өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин мугалимдери менен министрликтин кызматкерлери гана эс алууга укуктуу.
Статистикалык маалыматка ылайык, 2016-2017-окуу жылында мугалимдердин саны 79 миңди түзгөн.