Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 13-июнда өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алганын президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Жолугушууда президентке укук коргоо органдарынын системин реформалоонун алкагында надзордук органга өткөрүлүп берилүүчү милдеттер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Жолдубаева ошондой эле мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ишмердик жөнүндө айтып берди.
Атамбаев мамлекеттин алдында турган бардык чөйрөдөгү милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мыйзамдын артыкчылыгын жана мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи. Андан сырткары көзөмөлдөөчү орган укук коргоо органдарынын ишмердигин мындан ары өркүндөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды көрүш үчүн кылмыштарды каттоонун жана анализдөөнүн системинин иши сапаттуу аткарылышын камсыз кылууга тийиш экендигин айтты.