Кара-Сууда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жубайлардын майыптыгына алган 4 миң сому үчүн жалгыз уулуна жөлөк пул берилбей жатат

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Питомник айылынын тургуну Зейнеп Эрмекбаева күйөөсүнүн майыптыгына алган 4 миң сому үчүн уулуна жөлөк пул чектелбей калганын SUPER.KG'ге маалымдады. Анын айтымында, жолдошу Мавлян Касымов II топтогу, өзү III топтогу майып. Жубайлардын 11 жаштагы жалгыз баласына жөлөк пул чектелбей тургандыгын Жоош айыл аймактык социалдык коргоо бөлүмүнөн айтышкан.

"Турмушубуз аябай татаалдашып кетти. Кайнатамдын 60 жыл мурда курулган үйүндө жашайбыз. Анын чатырынан тамчы тамып, жашоого мүмкүн болбой калды. Быйыл кыш мезгилинде жашоого мүмкүн эмес. Ошондуктан жаңы турак жай салуу аракетин баштаганбыз. Эч кандай курулуш каражаттары жок үйдү баштап алдык. Айрым колунда барлар, жакын туугандар аз-аздан жардам берип жатат", - дейт Эрмекбаева.

Учурда ал өзү да айрым документтердин толук болбогондугуна байланыштуу майыптыгына чыкчу пенсияны албай жүргөндүгүн кошумчалады.

Касымбековдордун коңшусу Илияз Токтобаев бул үй-бүлөнүн үйү кооптуу болуп жатканын, суук түшкөнгө чейин турак жай салуу зарылдыгын айтты.

"Түгөйлөр экөө тең иштей албайт, күйөөсү сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн да ажыраган. Эски үйүнүн эшик, терезе, шиферлери жарактан чыккандыктан жаңысын алуу керек. Бирок буларда андай мүмкүнчүлүк жок", - деп билдирди Токтобаев.

Бул боюнча Жоош айыл аймагынын башчысы Жылдызбек Тиллебаев жубайлардын абалынан кабар аларын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
omurbek1990
2017-06-13 21:04:43
Мамлекттин алсыздыгы. Ушундайларга бербеген кимге берет. Туура кылыптыр суперге билдирип, коомчулук билсин.
+4
narime
2017-06-13 21:31:31
Коп тукурсо, кол болот демекчи.
Кыргыз элим, берешен айкол эмеспи.Аз да болсо жардамыбызды берсек, жылуу уйдо, чекеси жылып, чай ичип калышаар беле? Кыш тушкучо.Супер инфо жардамга муктаж адамдардын жашоосун чагылдырып тургандарыныздарга чоон рахмат демекчимин.Счет ачтырып койсо, же телефон номерин калтырышса, колдон келген жардамыбызды бермекпиз!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан