Ырчы Анжелика Бекболиева 13-14-июнда туулган жарандарга гүл белек кылат. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазып чыкты.
Кечээ, 12-июнда ырчы өздүк майрамын белгилеп, анда сахналаш досторунан жана жакындарынан ар түрдүү кучак толо гүлдөрдү белекке алган. Мындан улам аларды бүгүн жана эртең туулгандарга белекке берип, кубаныч тартуулоону чечкен.
"Ким ушул күндөрү жарык дүйнөгө келген болсо, байланышыңыздар. Туулган күн ээси сөзсүз түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт менен келүүсү шарт", - деп жазган.
Туулган күнүндө үч майрамды бир күндө белгилеген ырчы Анжеликанын кечесиндеги фоторепортажды бул жерден көрүӊүз.