Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу быйылкы жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу 13-июнда өзү SUPER.KG порталына билдирип, жарышка түшүүгө даярданып жатканын айтты.
"Өткөн жылы эле ЭрК партиясынын курултайында мени президенттикке талапкер кылып чыгаруу чечими кабыл алынган. Сөз жок, шайлоого катышам. Президенттик шайлоого катышуу боюнча мени Кыргыздын "Гиннесс китебине" киргизүүгө болот. 1995-жылдан бери президенттикке талапкерлигимди коюп келе жатам. Шайлоодо жеӊемби же утуламбы, башка маселе. Кыргызда чуркагандыкы эмес, буюргандыкы дейт.
Алдыдагы шайлоого байланыштуу бир топ жагдайларды белгилегим келет. Мурда өлкө жетекчисин шайлоого 2 ири держава: Орусия менен АКШ таасир этип келсе, бул ирет АКШ оюндан чыгарылган. Демек, Орусиянын таасири күчтүү болот. Экинчиден, бийликтегилерде азыркы учурда "Атамбаевдин кишиси өтпөй калса, кийинки президент сазайыбызды берет" деген чочулоо бар. Ошол эле БШК жана башка мекемелерде. Шайлоо салыштырмалуу таза өтөт деп ойлойм. Үчүнчүдөн, элдин өзүн-өзү коргоо инстинкти ойгонду. Жакшы президент шайлабаса өлкө өнүкпөй турганына элдин көзү жетти. Кайра-кайра жардан кулай берүүгө элдин күчү деле калган жок", - дейт Бакир уулу.