Өткөн жылы Кыргыз мамлекети Өзбекстандан өткөрүп алган 3 пансионат дотациядан чыгууну максат кылууда. SUPER.KG порталы бул пансионаттардын жоготкон чыгымдарын жана азыркы абалын билди. Учурда 3 жай тең Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Мүлк” Мамлекеттик ишканасынын карамагында.
Аталган ишкананын төрагасы Орозбек Нусувалиевдин айтымында, эс алуучу жайлар Өзбекстандын карамагында болгон жылдары эң арзан баада ижарага берилип турган.
"Буга эмеректердин, техникалык жабдыктардын жоктугу себеп болгон. Биз быйыл туристтик сезонго карата пансионаттарды калыбына келтирип, мамлекетке киреше алып келе турган шартка даярдап жатабыз. Акыркы бир жылда пансионаттар оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат”, - дейт О.Нусувалиев.
Мамлекеттин карамагына алынгандан кийин аттары кыргызчаланган пансионаттар 2016-жылы иштетилгени менен киреше таппай, тескерисинче чоң чыгашага учураган. “Бостери” пансионаты 2 миллион 400 миң сом жоготууга учураса, “Эне-Сай” пансионаты 155 миң сом чыгымга учураган. Ал эми “Алтын жай” эс алуу жайы 534 миң сом киреше тапкан.
“Бул жылы “Алтын жай” пансионатынан 5,5 миллион сом киреше табууну мерчемдеп жатабыз. Ал эми “Бостери” пансионаты боюнча жалпы 15 миллион сомду пландаганбыз. Бирок ал жерде жасай турган жумуш жана башка көп маселелер болгондуктан анын барын эске алып, 560 миң сом пайда көрүүнү болжоп турабыз. Ал эми “Эне-Сай” боюнча план 3 миллион сом”, - дейт Нусувалиев.
Эске салсак, 1992-жылы кабыл алынган макулдашуунун негизинде Кыргыз өлкөсү Өзбекстандын карамагындагы пансионаттарды өткөн жылдын июнь айында өткөрүп алган. Анда СССР жоюлганга чейин колдонулуп келген объектилер кайсы мамлекеттин аймагында болсо, ошол өлкөнүн карамагына өтүшү керек болчу. Кыргыз Өкмөтү бул маселеге 24 жылдан кийин кайрылган.
Маалымат үчүн айта кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагында учурда “Аврора” жана “Солнышко” пансионаттары бар. Аталган фонддун маалымат кызматы билдиргендей, өткөн жылы эки пансионаттан мамлекеттин бюджетине 3 миллион сомго жакын киреше түшкөн.
Эске салсак, бул 3 пансионаттын аталыштары Өзбекстандан өткөрүлүп алынгандан кийин төмөнкүдөй болуп өзгөртүлгөн:
"Золотые пески" - "Бостери",
"Рохат" - "Алтын жай",
"Дилорам" - "Эне-Сай".