Педофилдерге карата жабырлануучунун арызы болбосо деле кылмыш ишин козгоо зарылчылыгын депутаттар сунушташты

“Жашы жете электерге карата жасалган кылмышка жабырлануучунун арызы болбосо деле иш козгоо керек”, - деди бүгүн, 13-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова.

Депутат Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизе турган мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоорунун максаты - педофилдерге карата кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү.

Аида Салянова жабырлануучу тараптан арызы жок эле тергөөчү, прокурор тарабынан кылмыш иши козголушу зарыл экенин баса белгиледи. “Жабырлануучунун ата-энеси балдарынын келечегин ойлобой арыз жазбай же болбосо элдешүү жолу менен арызын алып салышы мүмкүн. Ошондой эле андай кылмышкерлер жазасын өтөп жатканда мунапыс колдонулбаш керек. Мугалим же балдар менен байланышы барлар мындай ишке бара турган болсо, аны өмүр бою кесиби менен иштөө укугунан ажыратуу зарыл. Азыркы учурда бул чектөө мөөнөтү 3 жылдан гана турат, - деди Салянова.

Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов жогоруда сөз болуп жаткан кылмышты жашы жетпегендер жасаса, анда аталган жоопкерчилик колдонулбаш деген сунушун билдирди. Салянова Токтогуловдон канча жашы жете электер мындай кылмыш жасаганын сурады. Ал бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Депутат сунуш берип жаткандан кийин даярданып келүү керек экенин прокурорго эскертти.

Мыйзам долбоорду депутаттар биринчи окууда колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан